Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-январь

При поддержке MegaCom

Айыл турмушу: Аксылык жаш ишкер жылына 100 мал союп, элди таза эт менен камсыз кылат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарынын 35 жаштагы тургуну Азамат Наркулов 15 жылдан бери мал багып, элди таза эт менен камсыз кылат.

А.Наркулов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал жаш кезинен бери мал чарбачылык менен алектенет. Мал сарайда эт багытындагы уй, жылкы бактырып, аларды союп, этин райондун элине сатат. Райондун борборунда анын атайын эт сатуучу дүкөнү да бар.

«15 жылдан ашык убакыттан бери мал багуу менен алектенем. Жылкы, уй багуу үчүн атайын мал сарай салдыргам. Сарайда жылына 100дөн ашык мал багылып, аларды союп, этин сатабыз. Менин эң негизги максатым элди таза, адал эт менен камсыз кылуу», - дейт А.Наркулов.

Райондогу эң чоң мал фермасын түптөп, элге таза эт сатуунун ыкмасын издеген А.Наркуловдун мал сарайында учурда 60тан ашык уй, жылкы багылат.

«Мындан 2 жыл мурда атайын мал багуучу сарай салгам. Сарайда жылкы, уй багылат. Малды атайын малчылар багышат. Мал баккан балдарга дагы айлык төлөп берем. Алар атайын үй менен дагы камсыз болушкан. Андан сырткары, мал дарылоочу догдур дагы аларга көмөк көрсөтөт. Ал ай сайын малдын саламаттыгын текшерип, жугуштуу ооруларды карап турат», - деди ал.

Учурда фермердин туугандары дагы мал чарбачылыгына жардам көрсөтүп турушат. А.Наркулов мындан 3 жыл мурун ишкердиктен тапкан кирешесинен ажылык сапарга дагы барып келген.

Андан сырткары тендерлерге катышып, райондогу оорукана, бала бакчаларды дагы таза эт менен камсыз кылат. А.Наркулов жыл сайын 6-7 тонна эт өндүрөт. Учурда кардарлары көбөйгөнүн белгиледи.

«Бардык эле адамдар атасынын кесибин улантууну көздөшөт. Менин атам касапчылык менен алектенгендиктен мен дагы ошол багытта иштеп жатам. Бирок, жыл өткөн сайын ишкердик боюнча тажрыйба топтоп, жаңы ыкмаларды үйрөнүүдөмүн. Таза эт өндүрсөң кардарларың ошончолук көбөйөт экен. Учурда жылына 6-7 тонна эт өндүрүп, аны элге сатабыз. Келечекте эт өндүрүүнүн көлөмүн мындан 2-3 эсеге жогорулатууну пландап жатам», - дейт ишкер.

Бул фермада учурда 10дон ашык адам иш менен камсыз болгон. Негизинен ал жерде малды багуучу, союп берүүчү жана этти сатуучулар иштешет. Алар ишине жараша айлык менен камсыз болушкан.

«Ар бир кызматкерге учурда 15 миң сомдон кем эмес айлык акы төлөп берип жатам. Чет өлкөдө иштеп жаткан жарандардын айлыгындай эле айлык берип жатабыз. Учурда 10дон ашык адам иштейт», - деди ал.

Ишкердин эт сатуучу дүкөнүндө жылкынын чучугу дагы сатылат. Ал чучуктар буюртма менен жасалып, баасы 800 сомдон 1000 сомго чейин бааланат.

А.Наркулов үй-бүлөлүү, анын 2 уулу, 2 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12417
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
gama123
09:58, 27 января 2016
Чыныгы айылдык миллионер... Ушинтип иштеп деле,...айылдын, райондун, облустун, өлкөнүнү өнүгүшүнө салым кошсо боло турганын далилдептир... Азаматсыз..
Көп окулду
Эң кызыктуу