Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусу 23.01.2014 14:56

Белгисиз адамдар адегенде «Аллоху Акбар» деп кыйкырып, анан мергенчини өлтүрүшкөн, - окуянын күбөсү

Turmush -  Бүгүн, 23-январда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында болгон ок атышуу боюнча күбө катары Кубан Алиев билдирүү бергенин Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгы маалымдады.

«Белгисиз адамдардан турган топ тарабынан эртең менен Сары-Булак капчыгайындагы «Пикертык» пунктунда «Аллоху Акбар» деген кыйкырык болуп, анда кийин Барыкинди өлтүрүштү», - деп билдирген.

Бүгүн, 23-январда Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болгон.

Чек арачыларга түшкөн маалыматка таянсак, белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан.

Окуя болгон жерге келген чек арачыларга белгисиз адамдар ок чыгарышып, атышуу учурунда эки укук бузуучу каза тапты.

Азыркы тапта кылмышкерлер «Пикертык» жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×