При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 22-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

«Жеңеке»: Жети-Өгүздүн Барскоон айылында жашаган Съездгүл Абылова даамдуу кымызы, аш жана сүмөлөгү менен таанымал (фото)

Turmush -  Аялзаты — эң ыйык эне, сүйүктүү жар, барынан кымбат кыз, сүйкүмдүү келин, күйүмдүү эже, сиңди жана карындаш. Алар жашоодогу эң чоң байлык. Мындай сыймыктуу атка жеңекелер дагы татыктуу.

Turmush басылмасы «Жеңеке» долбоору аркылуу Кыргызстандын алыскы жана жакынкы аймактарындагы аялзатынын үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына болгон камкордугу тууралуу баяндап, алардын турмуштун түйшүгүнө баш ийбеген эркин даңазалоону көздөйт.

«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун жашоочусу Съездгүл.

Советтер Союзунун коммунисттик партиясынын 1986-жылдагы XXII чакырылышында төрөлгөн Съездгүл сүмөлөк кайнатып, улуттук тамактарды мыкты жасоо менен бирге кымызды даамдуу даярдап, айыл ичинде урмат-сыйга ээ. Turmush басылмасынын кабарчысы элеттеги алдыңкы келин катары таанылган Съездгүл Абылова менен маектешип келди.

Съездгүл Абылова үч баланын энеси, жолдошу Ильяз Конокбаев менен Жети-Өгүздүн Барскоон айылында 7 жылдан бери түтүн булатып келет. Съездгүл экономист кесибине ээ, бирок үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, карьеранын артынан куубайт. «Себеби жактырган адамым менен турмуш куруп, балдарды биргеликте тарбиялап жатканыма ыраазымын», - дейт ал.

Айылда таң сүргөндөн башталган иш күүгүм киргенге чейин уланса да кабагым-кашым дебестен ар бир иштин майын чыгара жасаганына жолдошу баа берет. Жай айында жубайлар бээ байлап, Съездгүл кымызды абдан даамдуу даярдарын туугандары белгилешет.

Съездгүл Нооруз майрамында жыл сайын сүмөлөк даярдап, улуттук тамак-аштарды да даамын чыгара жасайт.

Апасынын айтымында, Съездгүл үйдүн кичүү кызы болсо да эркелебей үй оокатына эрте аралашкан. Ал кыргыз бийине баа берип, бийге шыктуу болгондуктан азыр кызына бий үйрөтөт. Ал айыл жергесинде деле шаардагыдай шарттарда жашоого боло тургандыгын айтып, улуулардын батасын алып келет.

Урматтуу окурман, Сиз жашаган аймактагы үлгүлүү келиндер, кадыр-барктуу жеңелер тууралуу айткыңыз келсе aimak.akipress@gmail.com электрондук дареги жана (0554) 65 60 25 номуру аркылуу Whats App менен байланышыңыз.

Билдирүүгө:

- Каармандын аты-жөнү, жашы, жашаган жери толугу менен;

- үй-бүлөсү, балдары тууралуу;

- алектенген жумушу;

- каармандын үй-бүлөсү, балдары менен, жумуш учурунда тартылган сүрөттөрү (сөзсүз түрдө);

- сунушталган каармандын татыктуу деп эсептелген сапаттары тууралуу жазыңыз.

- ошондой эле каармандын көпчүлүк билген таланттары тууралуу (ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо, кол өнөрчүлүк, уз-чеберчилик ж.б.) кошумчаласаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4011
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×