Turmush — Диктаторлорду эмне гана болбосун айыптоого болот. Бирок айымдарды тандоодо аларга эч ким сын тага албайт. Бул айымдар жөн гана сулуу болбостон, диктаторлордун жашоосунда чоң орунду ээлеген, аларга өтө зор таасир бере алган адамдар.
Түндүк Кореянын биринчи айымы
Канчалык жашырынсаң ошончолук көп ушак чыгары чын. Ким Чен Ындын жубайы болгон Ли Соль Чжу менен ушундай көрүнүш кайталанган. Ал Ким Чен Ын менен үйдөгү порно тасмага тартылып, тартипсиз жашоодо жашагандыгы тууралуу ушактар айтылган. Ли Соль Чжу өлтүрүлгөнү тууралуу да маалыматтар чыккан. Бактыга жараша кийин анын сүрөттөрү жарыяланып, тирүү эле жүргөнү аныкталган.
Сириянын биринчи айымы
Бүгүн батыш жаман көрүп жаткан президент Б.Асаддын жубайы да айыптоолордон куру калган жок. Сирияда тынчтык болуп турган учурда аны билимдүүлүгү, ачыктыгы, жакшы табити үчүн мактап эле жатышчу. Чынында Асма аль-Асад европалашкан мусулман айым. Ал Лондондо төрөлүп, ошол жакта өсүп, келечектеги күйөөсү менен Лондондо таанышкан. Тарыхый мекенине 2000-жылы 25 жашында гана келген. Бирок англиялык жарандыгын сактап калган.
Анголанын биринчи айымы
Ана Паула душ Сантуш мурдагы фотомодель жана «биринчи учактагы» стюардесса болгон. Ошол учактан мамлекет башчысы Жозе Эдуарду менен таанышкан. Чет элдик дипломаттардын бири алар жөнүндө «бири-бирине жарашкан түгөйлөр. Калифорнияда жашап жүрүшкөндөй элеганттуу, кымбат кийинишет» деп айтканы тууралуу маалымат бар.
Ана Паула Анголада билим берүүнүн деңгээли абдан жаман экенин, ошондуктан анын баласы чет элдик мектепте окуй турганын айтып, жарандардын кыжырын келтирген. Бирок анын президент күйөөсүн "билим берүү тармагына такыр көңүл бурбайт" деп айыптап келишет. Биринчи айым буга катар, атка минерлер менен элди, саясаттагы жана бизнестеги (өзгөчө бриллиант бизнесинде) амбициялары менен кыжырлантып келет.
Иорданиянын биринчи айымы
Бул айым Жакынкы Чыгыштагы исламды бекем карманган мамлекеттердин биринде биринчи айым деп ишенүү кыйын. Бирок буга карабай Рания Аль-Абдулла өзүн «чыныгы араб айымы» деп атап келет.
Ал өзүнүн сулуулугу менен да белгилүү. Аны «планетанын эң сулуу хан айымы» деп атап келишет. Ал аялдардын, балдардын укуктарын активдүү коргоп, пайдасыз тыюу салууларга каршы күрөшүп келет.
Камерундун биринчи айымы
Камерундун президенти Поль Бийянын аялы Шанталь Бийя көрүнүктүү аялдардын бири. Ал күйөөсүнөн 40 жашка кичүү. Ал жөнүндө «Баткактан бакытка жеткен айым» деп китеп жазган камерундук адамды 2 жылга каматышкан. Бул көптөгөн укук коргоочулардын нааразычылыгын жараткан.
Шанталь Бийя өзүнүн чач жасалгасы менен өзгөчөлөнгөндү жакшы көрөт. Анын кийимдеринин дээрлик бардыгы буйрутма менен тигилген.
Азербайжандын биринчи айымы
Мехрибан Алиева Азербайжандагы эң таасирдүү кландардын биринин кызы. Кесиби боюнча дарыгер. Анын күйөөсүн үй-бүлөлүк башкарууга, казынаны максатсыз коротууга айыптап келишет. Бирок биринчи айымга карата мамиле жакшы. Керек болсо анда чет элдик сыйлыктар да бар.
Ал өлкө ичинде да, эл аралык деңгээлде да коомдук ишмердүүлүк менен активдүү алектенет. Азербайжандын гимнастика федерациясынын жетекчиси. Буга катар эле өлкө парламентинин депутаты болгон.
Свазиленддин биринчи айымы
Свазиленддин 47 жаштагы падышасы Мсвати III азыркы учурда 15 аялы бар. Бирок биз анын 12-аялы Нтандо Дубеге токтолобуз. ЖМКдын маалыматына караганда, төмөндөгү сүрөттөрдө Нтандо Дубе тартылган.
Ал падышага турмушка чыккандан кийин 5 жылдан соң күйөөсүнүн көзүнө Укук министри менен «чөп салган». Нтандо Дубе хан сарайды кайтарган кароолчунун кийимин кийип министрге жолугушууга чыгып жүргөн. Бир жолу анын керебетинин алдынан Укук министрин кармап алышат. Министр кызматтан алынып, түрмөгө камалган. Падышанын аялынын кийинки тагдыры тууралуу маалыматтар жок.
Гитлердин сүйүктүү айымы
Биз Ева Браун тууралуу эмес, теги немис болгон орус актрисасы Ольга Чехова тууралуу сөз кылабыз. Ал 1920-жылы советтик Россиядан Германияга кетип, 30-жылдары немис киносунун жылдызына айланган. Фюрердин сүйүктүү актрисасы катары аны кечелерде коштоп жүрчү. Аны Геббельс да жакшы көргөн.
Согуштан кийин Ольга Чехова, Сталиндин жашыруун тыңчысы болгондугу тууралуу маалыматтар чыккан. Гитлерге кол салуу анын катышуусу менен өткөн деген сөздөр айтылган. Бирок мунун баарын тастыктаган документтер табылган эмес.
Филиппиндин «темир көпөлөгү»
Имельда Маркос Филиппиндин 1960-80-жылдардагы диктатору Фердинандо Маркостун аялы болгон. Дипломатиялык таланты менен чоң саясий кадыр-барк топтогон. Анын бекем мүнөзү менен сулуулугу үчүн «темир көпөлөк» деп аташкан.
Имельда күйөөсү бийликте турган кезде кымбат кийимдер үчүн миллиондогон акчаларды короткон. Анын коллекциясында Микеланджелонун, Боттичеллинин жана Рафаэлдин сүрөттөрү болгон.
Муссолининин сүйүктүүсү
Римдик аристократ айым Клара (Кларетта) Петаччи диктатордон 30 жаш кичүү болгонуна карабай анын сүйүктүсү боло алган. Керек болсо анын катаал өлүмүндө да бирге болгон.
Согуш бүткөн 1945-жылы Муссолини Кларетта экөө качууга аракет жасап, бирок партизандар кармап алып атып өлтүрүшкөн. Алардын жүзүн таанылгыс болуп калганча сабап, андан кийин алардын жансыз денелерин Миланда бутунан ылдый салаңдатып илип кетишкен.
Диктатордун биринчи аялы Ракеле, Муссолини кийинки сүйүктүүсү менен кармалып өлтүрүлгөнгө 3-4 күн калганда ажырашкан. Ракеле 1979-жылы 90 жашында каза тапкан.