При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ой пикир: Унаалар менен турак жайларды камсыздандыруу милдеттүү эмес, ыктыярдуу болушу керек, - Ы.Абдыраимов

Turmush -  Өкмөт бюджеттин тартыштыгын өлкөдөгү бардык тармактардагы ишканаларды толук иштетип, кен байлыктарынан ортодон жогору ( жок дегенде 70%га чейин) үлүш алып, социалдык фонд менен ар түрдүү салыктарды толук өндүрүп, чет өлкөлөрдөн үстөк пайызы 1%га жетпеген насыяларды тартып келүү, өкмөт менен президенттик администрациянын, Жогорку Кеңеш депутаттарынын ыкысыз чыгымдарын азайтуу менен толтурса болмок.

Андан калса, жарандардын автоунаа жана турак жайларын милдеттүү түрдө камсыздандыруу маселесин козгоп жатканы опурталдуу. Анткени, элдин мүлкүн камсыздандырууну милдеттүү түрдө мажбурлоо жолу менен эмес ыктыярдуу негизде жүргүзгөнү оң.

Автоунаалар эки жарым айдын, турак жайлар төрт айдын ичинде камсыздандырылбаса, айып пул салуу идеясы да абсурд. Аларды камсыздандыруу ишин мамлекеттик мекеме-уюмдарга эмес, менчик камсыздандыруу агенттиктерине берүү демилгеси да туура эмес. Анткени, менчик мекемелер буга чейин элдин акчасын топтоп алып, куйругун түйүп, качып кетип калгандарын өкмөт билбейби?

Эгер жарандардын менчик мүлкүн камсыздандыргысы келсе, мамлекет ал үчүн күрөө топтоп, табийгый жана бөөдө кырсыкка учураган адамдарга (унаа кырсык, өрт, суу ташкын, оору жер титирөө жана башка учурларда жардам бере алгыдай) абалда болсо бир жөн. Ансыз деле өз турмушун эптеп өткөрүп жаткан карапайым элди милдеттүү камсыздандыруу иши менен мажбурлап, каражат өндүрүп алуу туура эмес. Андан көрө республикада жолго батпай калган унаалардын салыгын толук өндүрүп албайбы?

Унаалардын ар бири үчүн миң сомдон эле салык алганда канча топтолот? Жол салыктары, Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл шаарына кире бериши менен Сосновкага кире бериштеги пункттар ар бир унаадан алган каражаттар, таксисттерден алынган патент үчүн акчалар, жер салыктары, коррупционерлерден өндүрүлгөн каражаттар кайда жумшалууда?

Унаалар менен турак жайларды камсыздандыруу милдеттүү эмес, ыктыярдуу болушу керек. Кааласаң да, каалабасаң да, 1-февралдан тартып үйүңдү жана унааңды камсыздандыр деп мажбурлоо туура эмес саясат.

Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абад облусу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3686
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу