Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-февраль

При поддержке MegaCom

«Жеңеке»: К.Асакееванын үй-бүлөсү Жети-Өгүздүн кышы суук, жайы салкын өрөөнүндө миңден ашык топоз багат (фото)

Turmush -  Turmush басылмасынын кабарчысы тоо этегинде жашаган «супер келинчектердин» жашоо шарты менен жакындан таанышып келди.

Жети-Өгүз районундагы кышы суук, жайы салкын сырт өрөөнүндө жашаган Кызылкүл Асакеева 33 жашта. Ал жогорку билимдүү, бирок өмүрлүк жары өмүр бою мал багып келе жаткандыктан турмушка чыккандан бери кесиби менен иштеген эмес. Учурда алар райондун борборунан 200 чакырым алыстыктагы сырт өрөөнүндө мал багышат. Алар жашаган кашар Көкөмерен, Нарын сууларынын жээгинде жайгашып, коңшуларыныкынан алыс.

Сыртта төрөлүп, мал багуу менен алектенген Тынчы Асакеев: «Жубайым — "супер келинчек". Анткени ал катаал шарттагы аймакта жашаса да үй оокаттарын жасап, 5 баланы татыктуу тарбиялоодо», - дейт.

Кызылкүл Асакеева келген меймандарды «казан кебаб» тамагы менен тосуп алат. Жолдошунун айтымында, жубайы сырттагы айылдардын башын бириктирип, ар дайым жакшылыктарды уюштуруп келет.

Ал эми аларга жакын коңшусу Таалай Жунушевдин жубайы Айзада Жунушева 35 жашта жана 4 баланын апасы. Тоолук айымдын айтымында, үй-бүлө миңден ашык топоз, 100 кой, 50 эчки багат. «Жазында мал төлдөп жаткан учурда жолдошума жардамдашам. Жайкысын кыркын убагында кой, эчки кыркып, эчкинин 1 кг тыбытын 300 сомдон сатып өткөрөбүз. Аны менен катар күндө тезек чаап, кыштын камын көрөбүз», - дейт ал.

Алар күз айларында мал сатып, бир жылдык азык-түлүктөрүн камдап алышат.

Сырттагы «супер келинчектер» 25 градус суукта күн кечирип, мал баккандарына нааразы эмес. Эң негизгиси ден соолуктары чың жашап жаткандарына шүгүр кылышат.

Урматтуу окурмандар, сиз дагы кызыктуу маалыматтарыңыз менен бөлүшүп, айылдагы "супер келинчектер" жөнүндө aimak.akipress@gmail.com дарегине жөнөтүңүз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3714
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
×