Turmush — Лейлек районуна караштуу Маргун айылынын 50 жаштагы тургуну Зарина Базарбаева 11 жашынан бери килемдин түрлөрүн токуу менен алектенет.
З.Базарбаева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал токуган килемдердин баасы сапатына жараша 8-30 миң сомго чейин бааланат.
«Килемди келиндерим жана кыздарым менен чогулуп алып 4 адам токуйбуз. Араби килемди 4 күндө, ал эми жүл килемди 10-15 күндө бүтүрөбүз. Килемге керектелүүчү бардык каражатты өзүбүз даярдайбыз.
Алгач жүндү даярдап алып, ага түстүү өңдөрдү беребиз. Баткендин килемдеринде көбүнчө кызыл, кара өңдөр колдонулуп, өлчөмүнө жараша жүн кетет. Бир килемден таза тапкан кирешем 3-4 миң сомду түзөт. Даяр болгон килемдери базарга алып чыгып сатабыз», - деди З.Базарбаева
Чебер 3 баланын апасы.