Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.01.2016 09:26

Жети-Өгүздүн Дархан айылындагы музейде окуучулар көл алдынан тапкан кытай жазуусу бар таш сакталуу (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында жайгашкан музейде окуучулар көл алдынан таап чыккан бетинде кытай жазуусу бар таш орун алган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына музейдин жетекчиси маалымдады.

К.Салиев атындагы мектептин музейи мындан 40 жыл мурда түзүлгөн. Жетекчиси Гүлүмкан Дакиеванын айтуусунда, музейде 300 экспонат бар. Алардын көбүнчөсү териден жасалган илгерки буюмдар болуп эсептелет.

Бул мектепти 1988-жылы бүтүргөн окуучу Нурлан Жакыпов көлдүн түбүнөн кытай жазуусу түшүрүлгөн таш таап алган. Жетекчиси музейдин жыл сайын толукталып жатканын айтат.

Музей 2014-жылы республика боюнча «Мыкты музей» наамын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×