Бөлүмдөр
Жума, 17-январь
Баткен облусуБаткен району 14.01.2016 16:11

Фото - 73 жаштагы Урулка апа — кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кайтаруучу

Turmush -  Тажикстандын Чор-Кышлак, Зумрат, Исфара айылдары менен чектеш Баткен районундагы Достук (мурунку Кара-Бак) айылынын 73 жаштагы тургуну Урулка Алимбаеваны жердештери чек арачы катары эсептешет.

У.Алимбаева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, атасынан калган 1 гектар өрүк багы куурап калганына карабай, жерин ыйык тутуп сактап келет.

А 1

«Коңшу тажик жарандары жериңди сат деп күн алыстан чоң суммадагы акча сунуштап келишет. Бирок ага менин абийирим жол бербейт», - дейт Урулка апа.

2013-жылы Ак-Сайдагы тажик-кыргыз жаңжалынан кийин, Кара-Бак айылына өтүүчү жолду тажик тарап жаап, У.Алимбаевага тиешелүү 1 гектарга жакын үлүш жерге суу өткөрбөй коюшкан.

А 4

А 10

«Алардын мындай кадамынын максаты — суу жетпей, куурап калган өрүк бактарын өздөрүнө өткөрүп алуу болсо керек. Алар аталган үлүш жерге ээ болгон учурда ошол аймакка толук жайгашып калышына шарт түзүлөт. Натыйжада 1 гектар жердин артынан коңшу өлкөнүн жарандары 100 гектар жерди ээлеп алуусу мүмкүн. Анткени аталган аймактын чек арадагы өзгөчө стартегиялык орду бар.

Эгер бул жер тажик тарапка өтүп кетсе, аталган аймактык 10 гектардан ашык сугат жерлери да коңшу өлкөгө өтүп кетет», - деди У.Алимбаева.

А 2

Учурда жергиликтүү бийлик чек арачылар бар, ошондуктан тажик тарап өтө алышпайт деп ынандырууда. А бирок, иш жүзүндө буга чейин да ушундай жолдор менен тажикстандыктар кыргыздарга тиешелүү жерлерди ээлеп келишкен, деп кошумчалады ал.

У.Алимбаева, атасынын жерин ыйык тутуп, тажиктерге сатпай жүргөнүн, бирок ыңгайлуу учур келсе же көзү өтүп кетсе, бул жерлердин тажик тарапка өтүп кете тургандыгынан чочулайт.

Ошентип тажик тараптан суу өтпөй калгандыктан Урулкан апа 5-6 жылдан бери жергиликтүү бийликтен 2 чакырым аралыктагы электр линиясын тартып берүүнү өтүнүп келет.

«Эгер электр линиясы тартылса суу чыгарып алат элем», - деп кошумчалады У.Алимбаева.

А 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×