Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусу 23.01.2014 14:53

Кыргызстандын аймагына 10-12 баскынчылар кирип келген, - Э.Каптагаев

Turmush -  Кыргызстандын аймагына 10-12 баскынчылар (боевиктер) кирип келген. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев АКИpress'ке билдирди.

«Кыргызстандын аймагында абал кыйын, болжолдуу 10-12 баскын кирип келген. Биздин чек арачылар аларды курчоого алып, кошумча күчтү күтүп жатышат», - деди Э.Каптагаев.

Анын божомолунда, бул топто Кытайдан келген уйгур сепаратисттер болушу мүмкүн.

Ошондой эле, өзү абал менен таанышуу үчүн Пикертык аймагына баратканын билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 23-январда Ысык-Көл облусундагы чек ара кошууну тилкесинде Кыргызстандын чек арачылары менен белгисиз тараптын ортосунда атышуу болду. Белгисиз адамдар аңчылык чарбанын башчысын өлтүрүштү.

Окуя болгон жерге барган чек арачыларга дагы белгисиз тараптан ок атуулар болуп, жыйынтыгында мыйзам бузган дагы эки адам каза болду.

Учурда кылмышкерлер «Пикертык» пунктунда камоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×