Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.12.2015 16:41

Жети-Өгүздүн акиминин атынан өткөн балаты майрамына райондогу ар бир мектептен 1ден окуучу катышты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин атынан райондогу окуучулар үчүн балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Балатыга Жети- Өгүз районундагы 40 мектептин ар биринен коомдук иштерге активдүү катышкан бирден отличник чакырылган. Иш-чара Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Садырбек Абдрахманов атындагы орто мектебинде өттү. Иш-чарага келген мыкты окуучулар үчүн райондук мамлекеттик администрация тарабынан баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды. Аны менен катар сыйлык алган окуучуларга Кызыл-Суу айылындагы Шеринбек Шаршеев атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары концерттик программасын тартуулашты.

Сыйлыкка ээ болгон окуучулардын бири Жалгыз-Өрүк айылындагы Асанакун Рысмендеев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Алмазбек кызы Кундуз: «Мен бул убакытка чейин жалаң гана «5» деген бааларга окуп келгем. Быйыл райондун акиминин балатысына келип катышып белек алдым. Ал үчүн бул иш-чараны уюштургандарга ыраазычылыгымды билдирем. Ошону менен бирге окуумду мындан ары да жакшы окуганга аракет кылам» - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×