Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.12.2015 10:52

Ысык-Көлдөн 7-класстын окуучусу Айдай Субан кызы Бишкек шаарында өтө турчу президенттик балатыга барат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Бостери айылынын Аман Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучусу Айдай Субан кызы Бишкек шаарында өтө турчу президенттик балатыга барат. Бул тууралуу кечээ, 22-декабрда маалым болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Окуучу кыздын чоң апасы Зиада Жакшылыкованын айтымында, Айдай үчүн бул жагымдуу кабар күтүүсүз белек болду.

«Небереме үй тапшырмаларын аткарууга мугалим болуп иштеген, учурда пенсиядагы чоң атасы жардам берет. Айдайдан башка дагы 2-класста окуган Сезим аттуу неберебиз бар. Эжесинин президенттик балатыга барарын угуп, ал да жакшы окуганга тырышып жатат», - дейт ал.

Айдайдын жакшы көргөн сабактары — математика жана кыргыз тили.

«Кыргыз тили — менин эне тилим, мен аны менен сыймыктанам. Менин тилим, элим дүйнөнүн бардык бурчунда таанылуусун каалайм. Жакшы окуп, ата-энемдин үмүтүн актаганга сөз берем», - дейт Айдай.

IMG-20151222-WA0121

IMG-20151222-WA0120

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×