Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Ош облусу, Ош 11.12.2015 13:40

Фото - Белгилүү улакчылар менен таанымал үй-бүлөнүн уулу Манас Ниязовдун улак тартыш, торпок улак оюндарындагы таң калтырган эрдиктери

Turmush -  Кыргыздын улуттук оюндарынын бири болгон көк бөрүдө 5 жылдан бери өзүнүн балбан билек экендигин далилдеп келе жаткан Өзгөн районунун Дөң-Булак айылынын тургуну Манас Ниязов улакчылык өнөрү тууралуу айтып берди.

Көк бөрү адамдан чапчаңдыкты, балбан билектүүлүктү талап кылган оюн. Бардык эле адам бул өнөрдү аркалай албайт. Жүрөгүндө жалыны бар гана мырзалар ойной алат, деди ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Ниязовдордун үй-бүлөсү Манас, Жаныш, Баяман, Кыяз жана Байыш аттуу мыкты улакчылары менен таанымал. Белгилүү улакчы Ниязовдордун үй-бүлөсүнөн чыккан Манас Ниязов улак тартышка эрте аралашкан.

2

«Менин атам улакчы болгондуктан мен дагы атамдын жолун жолдоп улакчылыкты тандап алдым. Менин улакчы болушума бир тууган агаларым дагы түрткү берди. Биз үй-бүлөдө 5 уул, 2 кызбыз. Агаларым менен барыбыз улак тартышка түшөбүз.

Улактын арты менен бир топ оюндарда алдыңкы орундарды алдык», - деди ал.

Улакчылыкты «Кожомкул» командасынан баштаган балбан учурда «Достук» командасында ойнойт. Тааныштары аны Манас баатырга окшоштурушат.

Күйөрман агаларынын бири Байыш Бекмаматов Манас Ниязовго казактар дагы таң калышкандыгын айтат.

«Мен дагы улакты абдан жакшы көрөм. Мен бир топ жылдан бери Манастын улакта тартыштагы көрсөткөн эрдиктерине күбө болуп келем. Ал 19 жашында жаш экендигине карабай казактарды таң калтырган. Казактардын көпчүлүгү көрсөткөн оюнунан улам аны Манас баатырга окшоштуруп, таң калышкан. Чынында көптү үмүттөндүргөн улакчылардын бири», - деди Б.Бекмаматов.

Көк бөрү оюнунда кооптуу учурлар көп болуп, денеге ар кандай жаракаттарды алабыз. Кан кызыткан бул оюн тобокелчиликти талап кылат, деп кошумчалады М.Ниязов.

«Оюнда ар кандай кырдаалдар болот. Торпок улак деген бар. Бул оюнга 500-1000ге чейин улакчылар катыша алышат. Торпок дагы кеминде 70-80 кг салмакта болот. Миң аттын ичинен торпокту сууруп чыгуу өтө машакаттуу. Айрым учурда тебелендиде калып байгени багындырабыз. Бирде бетиң сыйрылса, кээ бир учурда колуңдан жаракат аласың. Мен торпок улакта алдыңкы байгени көп алам», - дейт улакчы.

3

Улак тартууда улакчыны улакчы кылган анын аты болуп эсептелет. Атың күлүк, өзүнө бекем болсоң гана ийгиликти багындырууга мүмкүн.

«Мен 4 жылдан бери Амадор аттуу атымды минип жүрдүм. Аны быйыл алмаштырдым. Азыр Бойка деген атым бар.

Мелдештерге 1 ай калганда аттарды даярдап, аны суутуп баштайбыз. Мыкты улакчы болгонуң менен атың начар болсо көмүскөдө кала бересиң. Ошондуктан атты дагы туура тандоо зарыл», - деди М.Ниязов.

Манас Ниязовдун максаты — келечекте кыргыздын атын даңазалаган белгилүү улакчы болуу.

«Улак тартуу менин хоббим. Мен улак тартуудан ырахат алам. Бул өнөр менен жан багууга да болот. Улак жумасына жок дегенде 2-3 жолу өткөрүлүп турат. Улак тартыштардын уюштуруучулары баш байгеге жеңил унаа, төө, баалуу белектерди коюшат. Улак чабуу менен тиричилик кылса болот. Мен келечекте кыргыздын желегин желбиреткен атактуу улакчы болгум келет», - деди ал.

4

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×