Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 09.12.2015 19:28

Айыл турмушу: Чаткалдагы Чандалаш айылынын тургундары балдарын мектептен окутуу үчүн кышкысын Жаңы-Базар айылына көчүп келишет (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Чандалаш айылындагы 40тан ашык үй-бүлөнүн балдары кошуна айылдагы мектептен окушат.

Чандалаш айылындагы мектеп башталгыч класстарга гана билим бергендкитен, 5-класстан жогорку класстын окуучулары кошуна жайгашкан Жаңы-Базар айылындагы мектепке барып окууга аргасыз. Кыш мезгилинде окуучулар үчүн шарт түзүлбөй, жолдун карлары тазаланбагандыктан окуучулар Жаңы-Базар айылындагы туугандарынын, тааныштарынын үйүндө жашоого мажбур.

Айрымдары ошол айылдагы үйлөргө акы төлөп жашайт. Чандалаш айылынын тургуну Кубаныч Айталиев 7-класста окуган кызын кыш келгенине байланыштуу мурдагы кесиптешинин үйүнө жайгаштырды.

89

«Айылдагы мектеп 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар үчүн эле ылайыкташкан. 4-классты бүткөн окуучу 10 чакырым алыстыктагы Жаңы-Базар айылына каттап окуйт. Кыш келгенде окуучулар үчүн экинчи көйгөй жаралат. Чандалаш айылына унаа өтүүчү көпүрө жок болгондуктан жолдор кардан тазаланбайт. Кышкысын окуучуларды мектепке жакын болсун, жолдон кыйналбасын деп Жаңы-Базардагы тааныштардын, туугандардын үйүнө жайгаштырабыз. Мен 7-класста окуган кызымды мурдагы кесиптешимдин үйүнө жайгаштырдым. Жаз келгиче ошол жерде жашап, окуп турат. Дем алыш күндөрү келип биз менен учурашып, кийимин жууп кетет», - деди К.Айталиев.

Кошуна айылдагы мектепке каттап окуган окуучулар үчүн кыш мезгили экинчи түйшүктү жаратып, бейтаныш үйлөрдө жашатууга аргасыз кылса, экинчи жагы билим алууда бир кыйла кыйналат, деп кошумчалады ал.

Айыл тургуну Асылбек Молдобековдун дагы эки баласы туугандарынын үйүндө жашап, окушат. «Балдарым өз үйүндөй жашап, бир туугандарымдын колунда жүргөндүктөн көп деле кабатыр болбойм. Бирок, билим сапаты бир аз төмөндөп кетиши мүмкүн», - деди ал. 

86

Балдарынын билим улуусуна толук шарт түзүү максатында кышкысын ата-энелер Чандалаш айылынан Жаңы-Базар айылына көчүп келген учурлар дагы кездешет.

Алар кыш мезгилинде бош турган үйлөргө ижара акы төлөп, балдары менен башка айылда убактылуу баш калкалашат. Атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун 3 баласы менен бир таанышынын үйүн быйылкы кышка ижарага алганын айтты. Ал батир акысын азырынча соодалаша элек. Өткөн жылы 5 ай кыштап, ага 4 миң сом акча берген.

88

Былтыркы жылы 3 балам менен Жаңы-Базар айылында 5 ай жашадым. Быйыл дагы ошол үйдү убактылуу алдым. Жолдошум Чандалаш айылындагы үйдө жашайт, себеби малды караш керек. Бизден кабар алып, бир жумада бир келип турат», - деди айыл тургуну.

Окуучулардын коопсуздугу айыл элин гана эмес мектеп жетекчилигин дагы түйшөлтүп келүүдө. Жаңы-Базар айылындагы Т.Жээналиев орто мектебинин мүдүрү Айсулуу Маматгазиева жаш окуучулар кышкысын түн ичинде алыстагы үйүнө кеткен учурлар болгонун айтып, коопсуздук эң негизги маселе экенин белгиледи.

«Чандалаш айылынан мектепке каттап окуган окуучулардын билим сапатында айырма болот. Башка адамдын үйүндө жашап, окуу кыйын. Окуучулардын билимин жогорулатуу максатында болгон күч аракетти жумшайбыз. Бизди түйшөлткөн эң негизги маселе — окуучулардын коопсуздугу. Себеби, окуучулар айрым учурларда караңгыда алыстагы үйүнө кетүүгө аргасыз болот», - деди директор.

 Көпүрө маселеси бир эле учурда окуучулардын билим алуусуна тоскоолдук жаратпастан тургундардын жашоо тиричилигине дагы көп таасирин тийгизип келет.

Чандалаш айылынан кен казган BOOSTER компаниясы Чандалаш жана Жаңы-Базар айылдарын бириктирген көпүрө салып берүүнү убадалаган. Бирок, 2 жылдан бери көпүрөнү бүтүрбөй келүүдө.

Чаткал районунда 25 миңге чукул калк жашайт. Сандалаш айылында 40ка чукул үй-бүлө бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×