Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусу 23.01.2014 14:13

Президент Ысык-Көлдөгү абал тууралуу үзгүлтүксүз маалымдап турат, - басма сөз кызматы

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунда кыргыз-кытай чек ара тилкесиндеги абал боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын жүрүгүзүп жаткан операциясы тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип турат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти

Эске салсак, бүгүн, 23-январда Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болду.

Чек арачыларга түшкөн маалыматка таянсак, белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан.

Окуя болгон жерге келген чек арачыларга белгисиз адамдар ок чыгарышып, атышуу учурунда эки укук бузуучу каза тапты.

Азыркы тапта кылмышкерлер «Пикертык» жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×