Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Баракелде, Бишкек 04.12.2015 10:50

Президент 6 миллиончу кыргызстандык менен болжолдуу бир мезгилде төрөлгөн 14 ымыркайга 1,4 млн сом бөлдү (энелердин тизмеси)

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев 6 миллиончу кыргызстандык жаран Айлин Кожошева менен болжолдуу бир мезгилде төрөлгөн 14 ымыркайдын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 миллион 400 жүз миң сом бөлдү. Бул тууралуу жарлыкка өлкө башчы кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

6 миллиончу кыргызстандык жаранды аныктаган ведомстволор аралык жумушчу топ 2015-жылдын 27-ноябрында КР президентинин Аппаратына 25-ноябрдын саат 18:00дөн 26-ноябрдын эрте мененки саат 06:00гө чейинки аралыкта төрөлгөн 122 ымыркайдын тизмесин берген.

Ошол тизмеден 6 миллиончу ымыркай төрөлгөн убакытка эң жакын аралыкта төрөлгөн 10 наристе аныкталган. Тизмеге Ош облусунан үч эне, Ош шаарынан бир, Нарын жана Жалал-Абад облустарынан экиден, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан бирден эне киргизилген. Бардыгы болуп 6 эркек жана 4 кыз төрөлгөн.

Ошол эле учурда тизмедеги он адамдын катарына Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында төрөлгөн ымыркайлар кирбей калган.

Өлкөнүн бардык региондорун камтуу максатында жогоруда аталган тизмеге кошумча түрдө Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында төрөлгөн бирден ымыркай кошуу сунушталган. Ошентип президент А.Атамбаев 6 миллиончу кыргызстандык жаран Айлин Кожошеваны кошкондо 14 ымыркайдын үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык жардам көрсөттү.

14 ымыркайдын энелеринин тизмеси

  1. Ахунова Нурзида Абдилдаевна – Ош облусу

  2. Башихтинова Матлюба Нурматовна - Жалал-Абад облусу

  3. Бусурман кызы Айкөкуль - Ош облусу

  4. Каныбек кызы Махабат – Ош облусу

  5. Кубанычбек кызы Сымбат - Ысык-Көл облусу

  6. Мамажанова Наргиза Номанжановна - Ош шары

  7. Махмадшоева Гульмира Турсуналиевна - Чүй облусу

  8. Никонова Екатерина Викторовна - Бишкек шары

  9. Пахырова Тазагүл Гапаровна - Баткен облусу

  10. Токтомамбетова Рамила Жакшылыковна - Талас облусу

  11. Токтоназарова Нургуль Самидиновна - Жалал-Абад облусу

  12. Урматбек кызы Атыркуль - Нарын облусу

  13. Чойбек кызы Назира – Нарын облусу

Фото - Кыргызстандын 6 миллионунчу жаранына Ош шаарындагы 4 бөлмөлүү үйдүн ачкычы тапшырылды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×