Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусу, Токмок 03.12.2015 10:48

Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалган Чүй облусунун райондук сотторунун судьялары

Turmush -  Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалган Чүй облусунун райондук сотторунун судьялары кечээ, 2-декабрда КР Жогорку сотунда ант беришти.

Судьялардын ант берүү аземин салтанаттуу түрдө Жогорку соттун төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов ачып, жаңы шайланган судьяларды өзүнүн жана Жогорку соттун атынан куттуктады.

Ант берген судьялар:

- Сокулук райондук сотунун судьялары Кангельдиева Сулайка Салмоорбековна жана Самудинов Кубанычбек Бердибекович;

- Панфилов райондук сотунун судьялары Керимкулова Айгүл Карыпкуловна жана Тагаев Тилек Мамедович;

- Токмок шаардык сотунун судьялары Абдрахманов Канатбек Казакбаевич, Астаркулов Данияр Шаршенбекович жана Моңолбаев Жаныбек Васирович;

- Жайыл райондук сотунун судьясы Кувандыкова Наргиза Тураровна;

- Москва райондук сотунун судьялары Абдиева Жыпар Курманбековна жана Аджибеков Нурлан Нурмамбетович;

- Аламүдүн райондук сотунун судьялары Байсов Кылыч Таштанбекович, Касымалиев Бакыт Мукамбетович, Сагитова Зульфия Каиргельдиевна жана Сагыналиев Жаныбек Нурбекович.

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 28-ноябрында «КРнын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×