Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Ош облусу, Ош 02.12.2015 13:12

Сулайман-Тоодогу байыркы жазуулар жоголуп кетүү коркунучунда турат, - музей кызматкерлери (фото)

Turmush -  Сулайман-Тоодогу аскалардын бетине чегилген сүрөттөр жок болуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерлери айтууда.

Алардын бири Жаңыбай Апиев, тоого чыккан адамдар таш бетине ар кандай жазууларды жаза бергендигинен улам, петроглифтерге зыянын тийгизип жатканын айтат.

«Акыркы убактарда Сулайман-Тоого зыярат кылып чыккан жаштар таш бетине ар кандай боектор менен аттарын жаза бергендиктен, байыркы доорго таандык жазуулар жок болуп кетүүдө. Аталган петроглифтер Кыргызстандын башка аймактарындагы петроглифтерден өзгөчөлөнүп турат. Ушундай сейрек кездешкен уникалдуу петроглифтерди коргоо жана көздүн карегиндей сактоо ар бир жарандын ыйык милдети. Сулайман-Тоодо аскага чегилген 400дөн ашык сүрөттөр бар.

Ал сүрөттөр байыркы заманда жашаган адамдардын дүйнө таанымын, көз карашын, түшүнүгүн билдирип, адамдардын Сулайман-Тоого болгон көз карашынын алгачкы элементтерин чагылдырып турган негизги далил болуп саналат», - деди Ж.Апиев.

Кыргызстандын баалуу археологиялык эстеликтеринин бири аска таш бетиндеги сүрөттөр болуп саналат. Аска таш бетиндеги сүрөттөр Кыргызстандын көптөгөн аймактарында кездешет.

Петроглифтер Ысык-Көлдүн Ак-Чуңкур жергесинде, Жалал-Абаддын Саймалы-Ташында, Чолпон-Ата шаарында, Нарындагы Теке-Секирик үңкүрүндө, Таласта жана Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо бар, деп кошумчалады ал.

«Петроглиф» термини грек сөзүнөн которгондо «petos» - таш, «glayf» - кесүү дегенди түшүндүрөт. Таш бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдүн ар бири тематикалык маанилерди камтыйт.

Сулайман-Тоонун бетине чегилген (петроглифтер) сүрөттөрдүн көпчүлүгү тоонун түндүк-чыгыш, түштүк-чыгыш жана түндүк-батыш тарабындагы аскаларга чегилген жана кайталангыс өзгөчөлүктөргө бай. Айрыкча биринчи тоонун чыгыш этегинде жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жерде жайгашкан, вертикалык тегиздикте чегилген композициялар өтө эле таасирдүү. Алардын ичинен эң байыркы петроглифтер тоонун түндүк батышындагы лабиринттер (татаал формадагы тегерек тартылган) өзгөчө мааниге ээ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×