Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу 23.01.2014 14:01

Өкмөт Ысык-Көл облусундагы абал боюнча штаб түздү

Turmush -  Кыргызстандын өкмөтү Ысык-Көл облусундагы абал — кыргыз-кытай чек арасындагы ок атышуу боюнча штаб түздү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, штаб эрте менентен бери бул маселенин үстүндө иштеп жатат.

Эске салсак, бүгүн, 23-январда Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болгон.

Чек арачыларга түшкөн маалыматка таянсак, белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан.

Окуя болгон жерге келген чек арачыларга белгисиз адамдар ок чыгарышып, атышуу учурунда эки укук бузуучу каза тапты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×