Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 26.11.2015 12:34

Фото - Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен 39 жаштагы апасынын абалы жакшы (толугу менен)

Turmush -  Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны болгон кыз кечээ, 25-ноябрда саат 18:12де Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келди. Учурда эне менен баланын абалы жакшы. 6 миллионунчу жаранды 39 жаштагы Белекова Рахат жарыкка алып келди.

Кыргызстадын 6 миллионунчу жараны 3 кг 870 грамм салмакта төрөлдү.

«Кызым алты миллионунчу болуп калаарын ойлогон эмесмин. 6 миллионунчу болуп төрөлгөнүн укканда толкундандым. Жолдошум аскер кызматкери. Бул кызым алтынчы балам. 3 уул, 3 кыздуу болдук», - деди Рахат Белекова.

Бул үй-бүлөнүн атасы — аскер кызматкери Алмаз Кожошев. Алардын улуу кызы учурда 19 жашта, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайдын студенти. Жарыкка келген кызга ата-энеси менен туугандары Аелин деген ысым тандады.

Бүгүн, 26-ноябрда премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, өлкө аймагында кечээ 67 бала, 55 кыз төрөлдү.

Ал кошумчалагандай, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстандын калкынын саны жыл сайын 120 миң адамга көбөйүүдө. «Андыктан 7-8 жылдан кийин 7-миллиондук жаран төрөлөт», - деди Т.Сариев.

Бүгүн, 26-ноябрда кечке маал алтынчы миллиондук жарандын туулгандыгына байланыштуу Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт уюштурулат.

Эске салсак, Кыргызстандын 5-миллиондук жараны Тынчтыкбек Курамаев, 2002-жылы 27-августта төрөлгөн.

А 5

Кыргызстандын 6-миллиондук жараны – кыз, Ошто төрөлдү

Президент А.Атамбаев: Биз 6 миллион болдук, Кыргызстандын калкынын саны өсүшү - адамдардын келечекке ишенимин айтып турат

А.Атамбаев Кыргызстан элин куттуктады: Кудайым белекке берген балабыздын бешик боосу бек, өмүрү узун болсун!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×