Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 24.11.2015 18:26

Ош шаарында доллардын сатылышы 74 сомго жетти

Turmush -  Бүгүн, 24-ноябрда Ош шаарында доллардын курсу 73,2-73,5 сомду түздү. Мониторингге ылайык, шаардагы акча алмаштыруучу жайлар менен банктардын кассалары 1 долларды сатып алууда 73-73,2 сомго, сатууда 73,3-73,5 сомго баалап жатат, деп маалымдайт кабарчы.

Бирок, жеке менчик акча алмаштыруучу жайлардагы доллардын курсу коммерциялык банктардын кассаларындагы көрсөткүчтөргө караганда жогору. Акча алмаштыруучу жайлардагы доллардын курсу сатып алууда 73,5 сомду, сатууда 74 сомду көрсөтүүдө.

Мурда маалымдалгандай, шаарда 17-ноябрга карата 1 доллар сатып алууда 72,1-72,25 сомго, сатууда 72,6-72,7 сомго бааланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×