Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу 23.01.2014 13:52

Ок атышууда Ысык-Көл облусунун мергенчилер коомунун башчысы каза болду, - облустук башкармалык

Turmush -  Бүгүн, 23-январда болгон ок атышууда Ысык-Көл облусунун мергенчилер коомунун башчысы Барыкин Александр Васильевич каза болду. Бул тууралуу АКИpress'ке КР мамлекеттик чек аранын Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.

«8-10 адам Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагына бүгүн эрте менен кирип келишип, Сары-Булак капчыгайында жайгашкан Пикертык жылынуучу пунктунда А.Барыкинди өлтүрүштү», - деп чек арачыларга окуянын күбөсү Кубан Алиев билдирген.

Окуя болгон жерге Ак-Шыйрак жана Кара-Сай чек ара тозотторунун ыкчам тобу чыгып кетишти.

Учурда, куралдуу топ Пикертык лагерин курчоого алды.

Чек арачылар менен атышууда эки мыйзам бузуучу каза болгондугу айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×