Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.11.2015 13:22

Жети-Өгүздүн Балтабай айылында коңшу айылдан келген балдардын саны өскөндүктөн бала бакчага 2 кошумча тайпа ачылды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүздүн Балтабай айылында бала бакчага барган балдардын саны өскөндүктөн айылдагы «Бал таттуу» бала бакчасына 2 кошумча тайпа ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, бала бакча 2013-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 2 тайпада 60 бала тарбияланып келген.

Ырдык айыл аймагынын башчысы Темирбек Кулдаев билдиргендей, коңшу айылдардан келген бөбөктөрдүн саны арбын болуп, учурда дагы эки тайпага 50дөн ашык бала кабыл алынды. Азыркы тапта балдар бакчасынын тарбиянуучулары үчүн айыл аймагы тарабынан да каражат бөлүнөт. Бөбөктөр эки кабаттуу бакчадан тарбияланып, уктоочу, ойноочу жана тамактануучу жайлары кенен. Тамак жасоочу жайы айыл аймак башчысы бөлгөн каражаттын негизинде курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×