Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.11.2015 10:37

Жети-Өгүз районунунун 85 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун 85 жылдыгына карата спорттун 5 түрү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Жети-Өгүз районунунун акиминин орун басары Мурат Раматов билдирди.

Кечээ, 13-ноябрда көк бөрү боюнча мелдеш өттү. М.Раматовдун айтымында, спортук иш-чараларга 200 миң сом каралган. «Көк бөрү оюну өтүп жатат. Анда 12 айыл өкмөттүн ичинен  команда топтой алган командалар беттешүүдө. Бүгүн, 14-ноябрда жыйынтыгын чыгарабыз.  Ошондой эле  волейбол, футбол, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү боюнча да мелдештер өтүүдө», - деди М.Раматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×