Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.11.2015 10:31

Кыргызстан боюнча ВИЧ инфекциясы менен ооруган 6238 адам бар жана бул көрсөткүч жыл сайын өсүүдө

Turmush -  Кыргызстан боюнча ВИЧ инфекциясы менен үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата 6238 адам катталган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Ысык-Көл облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун директору Шаршекан Бакиевна билдирди.

Республикада катталган 6238 адамдын ичинен 5956сы Кыргыз Республикасынын жарандары, алардын ичинен 3985 адам эркектер, 1971 адам аялдар болуп саналат.

Ийне аркылуу баңги заттарын кабыл алуу учурунда ВИЧ илдетин жуктургандар 3127 адамды түзөт. 6238 адамдын ичинен ар кандай оорулардын негизинде 1254 адам каза болгон, 397 адам СПИД оорусунан улам көз жумгандар.

Дарыгерлердин айтымында, бул оорунун саны жылдан жылга өсүп баратат. Ошондуктан СПИД оорусу боюнча айлыктар жыл сайын өткөрүлүп турат.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору алдыда кабарчылар менен бирдикте СПИД илдети боюнча конференция уюштурууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×