Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 13.11.2015 17:59

Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы дарыгерлер СПИД илдети боюнча аттестациядан өтүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы дарыгерлерди СПИД илдети боюнча аттестациядан өткөрүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган бөлүмдүн директору Шаршекан Бакиевна билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Ысык-Көл областында ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 140 адам катталган. Алардын ичинен 89 адам эркек болсо, 51и аялдар. Алардын 12си ВИЧ инфекциясынан адам каза болуп, СПИД илдетинен 3 адам көз жумган. Аймактар боюнча бөлүштүргөндө Каракол шаарында ВИЧ менен 29 адам, Ысык-Көл районунда 32, Ак-Сууда 17, Түптө 12, Тоңдо 6, Балыкчыда 17, Жети-Өгүздө 27 адам катталган. Жугуу жолдору боюнча алып караганда, кан аркылуу 54 адам же 38,6%, жыныстык жол аркылуу 83 адам же 59,3%ы жугузуп алган. Ошондой эле, 3 ымыркайга ВИЧ инфекциясы менен ооруган энесинен жугуп, 2,1%ды түзөт.

Аталган жугуштуу оорудан жабыркаган 140 адамдын ичинен 43ү мигранттар болуп саналат. 72 адам диспансердик көзөмөлдө турса, 45 адам антиретровирустук препораттарды колдонушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×