Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 13.11.2015 17:43

Балыкчы шаарынын дарыгерлери СПИД илдети боюнча адистерге сынак тапшырышты (фото)

Turmush -  Балыкчы шаардык ооруканасынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана Шаардык тиш дарылоо бөлүмүнүн дарыгерлери СПИД илдети боюнча сынак тапшырышты. Бул тууралуу Тurmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрынан 5-декабрга чейин Кыргызстан боюнча СПИДге чара көрүү айлыгы деп жарыяланган. Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн директорунун орун басары Асыл Карынбаеванын маалыматы боюнча, жыл сайын СПИДге каршы айлык жарыяланат. Быйыл да план боюнча иш жүрүп жатат. Облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу бөлүмүнөн атайын адистер келип, Балыкчы шаарындагы дарыгерлерден сынак алып, аттестациядан өткөрүштү.

Балыкчы шаарында 17 адам ВИЧ инфекциясы менен катталса, СПИД стадиясында 1 адам катталып, 2 жаңы төрөлгөн баладан ВИЧ инфекциясы аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×