Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 13.11.2015 17:23

Түркиянын өкмөтү КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине 5 тез жардам унаасын берет

Turmush -  Түркиянын өкмөтү Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине «Мерседес» үлгүсүндөгү 5 тез жардам унаасын берет. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Түркиянын элчилиги билдирди.

Анын маалыматына караганда, унааларды тапшыруу иш-чарасы 17-ноябрда саат 11:00до элчиликтин аймагында өтөт.

Иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч, КРнын өкмөт башчысы Темир Сариев, вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×