Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 12.11.2015 18:11

Вице-премьер Г.Кудайбердиева: Дарыканалардагы бааларга мониторинг жүргүзүү төмөн болууда

Turmush -  

Бүгүн, 12-ноябрда вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева эң маанилүү дары-дармектерге болгон баа саясатын жөнгө салуу боюнча өткөн жыйында, жарандардын ден-соолугун жакшыртууга корогон каражаттын 60%ы дары сатып алууга сарпталарын билдирди.

Анын айтымында, дарыканалардагы бааларга мониторинг жүргүзүү жана бул багытта маалымат технологиясын өнүктүрүү төмөн болууда. Мындан улам, бир эле дарыга баалар ар башка аймактарда ар кандай болуп жатат.

Эскерте кетсек, КР өкмөтүнүн токтому менен дары-дармектердин толук даректүү базасын түзүү боюнча концепция бекитилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×