Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 12.11.2015 17:59

Кара-Кулжада жыл башынан бери кургак учуктан 7 адам каза тапты

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кургак учуктун белгилери менен катталгандардын саны азайды. Бул тууралуу аталган райондун үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Чынара Карымсакова билдирди.

Анын айтымында, район боюнча 239 жаран кургак учук боюнча каттоодо турат.

«Бул жылы аталган оору менен катталгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 13кө азайды. Былтыр 95 бейтап каттоого алынса, бул жылы 82 бейтап каттоодон өткөн. Мигранттардын арасында да кургак учук менен ооругандар азайды. Былтыр кургак учук менен ооруган мигранттар 26 болгон, бул жылы көрсөткүч 10ду түздү. 

Бейтаптардын арасында жашы жете электер да бар. Бул оорудан каза болгондор былтыр 8 адамга жетсе, быйыл жыл башынан бери 7 жаран каза болду», - деди Ч.Карымсакова.

Дарыгер кошумчалагандай, Кара-Кулжада кургак учукту дарылаган оорукана жок болгондуктан, бейтаптар  Өзгөнгө жана Ошко жөнөтүлөт. Ооруканадан кайткандарды үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринен түзүлгөн топтор бейтаптардын үйүндө дарылашат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×