Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу 23.01.2014 13:51

Ысык-Көлдө Кытай менен чектешкен жерде ок атышуу болуп, бир нече адам каза болду

Turmush -  Бүгүн, 23-январда Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги тилкеде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болду, деп маалымдады КР мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү.

Чек арачыларга түшкөн маалыматка таянсак, белгисиз адамдар аңчылык чарбасынын кызматчысын өлтүрүп, анын аңчылык куралын тартып алышкан.

Окуя болгон жерге келген чек арачыларга белгисиз адамдар ок чыгарышып, атышуу учурунда эки укук бузуучу каза тапты.

Азыркы тапта кылмышкерлер «Пикертык» жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турушат.

Окуя болгон жерге Чүй чек ара кошуунунун атайын даярдыктагы чек ара тобу учуп чыгууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×