Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Караколдо Үркүндүн 100 жылдыгына карата «Кылымга тете бир күн» спектаклинин бет ачары болду

Turmush -  Каракол шаарында 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына карата «Кылымга тете бир күн» спектаклинин бет ачары болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Каракол шаарында К.Жантөшев атындагы драма театрында Бактыбек Максутовго таандык «Кылымга тете бир күн» спектаклинин бет ачары өттү. Спектаклда башкы ролду 100 жаштагы карыя ойноду. Ал бала кезинде энесинен кантип ажырагандыгын, орус падышачылыгы кулагандан кийин эли менен кошо мекенине кантип кайтып келгендигин айтып берди. Спектаклда алардын ашууларды ашып, суукка кандай туруштук беришкендиги, жоготуулары, тарынуу сезимдери жана бардык кыйынчылыктарга карабай мекенге кайтып келгендери чагылдырылды. Аны көргөн көрүүчүлөр көз жаштарын токтото алышкан жок. Алар да 2 саат бою ата-бабалардын ошол кездеги кайгысын тең бөлүшүп, аткаруучулар менен кошо ыйлап, кошо сүйүнүп отурушту.

Спектаклга күбө болгондор: «Спектаклга көптөгөн театр артисттери тартылып, режиссер өз ишин мыкты деңгээлде аткара алды», - деп баа беришти.

Бет ачаарга конок иретинде келген өкмөт өкүлү Эмилбек Каптагаев спектакль тууралуу пикири менен бөлүшүп: «1916-жылдагы көтөрүлүш мыкаачылык менен басылган. Ошол кездеги кайгылуу окуялар элибиздин тарыхында калды. Бүгүнкү күндө бул окуя тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Бирок бул биздин тарых жана биз мындан туура сабак алып, туура жыйынтык чыгарышыбыз керек. Ошол кездеги падышачылык бийлик бардык нерсеге чек койгондуктан эл көтөрүлүп чыккан. Мунун баары бүгүнкү спектаклда көрсөтүлдү. Актерлорго, режиссерго жана албетте автору Б.Максутовго терең ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Ошондой эле, ал спектаклди республикалык деңгээлге көтөрүп, Кыргызстандын бардык жашоочуларына көрсөтүү керектигин айтты.

«Кылымга тете бир күн» трагедиясынын автору Б.Максутов көрсөтүү керек болгон нерсенин бардыгын ушул трагедия аркылуу бергенге аракет кылгандыгын айтып, драма театрдын жамаатына спекталды жогорку деңгээлде койгондугу үчүн ыраазычылык билдирүү иретинде Ардак граматосын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4527
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×