Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 10.11.2015 08:17

Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборуна анализдерди аныктоочу жабдыктар алынды (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборуна 80 миң долларлык аппараттар сатылып алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган оорукананын кызматкери маалымдады.

«Соңку жылы ооруканага 80 миң долларлык медициналык аппараттарды сатып алдык. Алардын арасында лаборатория үчүн керектелүүчү микроскоптор, анализдерди аныктоочу жабдыктар, операцияга кетүүчү материалдарды тазалоочу аппараттар бар. Азыркы тапта анын баары иштетилип жатат. Жалпылап айтсам, азыркы тапта медициналык аппараттар жетиштүү», - дейт оорукананын кызматкери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×