Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баракелде, Бишкек 09.11.2015 13:19

О.Горин: Истүү газ менен уулануунун алдын алуу чаралары жана биринчи меджардам жөнүндө

Turmush -  Башкы мамлекеттик санитардык врач, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин истүү газ (ис уруу) менен уулануунун алдын алуу чаралары жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө маалымат менен бөлүшөт.

Истүү газ менен уулануу – адамдын организимине истүү газдын кирип кетиши менен өрчүгөн жана ден-соолукка, өмүргө коркунуч келтирген курч патологиялык абал. Квалификациялык жардамсыз адам өлүмүнө алып келиши мүмкүн.

Углерод кычкылы (истүү газ) - түссүз, даамсыз жана жытсыз уулуу газ. Көмүр кошулмалары бар заттардын (газ, жыгач, көмүр, автомобиль майы ж.б.) толук эмес күйүшү үчүн шарттар түзүлгөн бардык жерде пайда болот.

ugarniy-gaz

Ис менен ууланган учурда биринчи жардам - ууланган адамды жаткан түрдө таза абага чыгарып, тынч коюу керек жана сөзсүз жылытуу (буттарга грелка, горчичник коюп) жана кычкылтек менен дем алдыруу керек.

otruyennya-chadnim-gazom-simptomi-lkuvannya_711

Оор интоксикацияда – тезинен гипербардык кычкылдоотерапиясы жана медикаментоздук терапия зарыл.

Жеңил учурларда – дем алуу борборун козгоо үчүн нашатырь спиртиннин буусу менен акырындан дем алдыруу керек.

119

Бир эле убакта пульс жоголуп, дем алуу токтоп калса - жүрөк тушка массаж жасоо, жасалма дем алдыруу зарыл. Тезинен терапияны жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасынын функциясы калыбына келгенге чейин улантуу керек.

Турмуш-тиричиликте уулануунун алдын алуу үчүн тиричилик газ приборлорун колдонууда газдын күйүшү үчүн кычкылтектин жетишин камсыздоо керек (сөзсүз түрдө ачык терезелерде жана фрамугаларда).

Газ колонкасын күйгүзөөр алдында сөзсүз тарткычты текшерүү зарыл. Көмүр быкшып күйүүсүн токтоткуча мештин жапкычын мурда жаппай туруу шарт.

Эгерде унаанын кыймылдаткычы күйүк турган болсо гараждын эшигин жаппоо керек.

images

Күйүүчү майлар менен иштеген жылыткыч приборлор пайдалнылган бөлмөдө жаш балдарды кароосуз калтырбоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×