Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 09.11.2015 09:39

Лейлектин ооруканасындагы бөлүмдөргө аристондор орнотулду (фото)

Turmush -  Баткен облусундагы Лейлек аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар жана балдар бөлүмдөрүнө жылуу жана муздак суу чыгаруучу аристондор орнотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган оорукананын башкы дарыгери Асанбек Кожомов билдирди.

«Учурда аталган бөлүмдөрдөгү бөлмөлөрдө муздак жана жылуу суу бар. Душтарды орнотконбуз. Бейтаптардын баары пайдаланып жатышат. Тилекке каршы, балдар жана терапия бөлүмдөрүнүн имараттарынын эскилиги жеткендигине байланыштуу аларды жаңыдан куруу зарылчылыгы бар. Бул боюнча тиешелүү мекемелерге бир нече каттарды жазып жатабыз. Эгерде мүмкүнчүлүк түзүлүп калса, ушул имараттарыбызды кайрадан башынан жаңыртып, заманбап стилде салып беришсе жакшы болмок. Бейтаптарга бир топ жеңилдик түзүлмөк», – дейт А.Кожомов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×