Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 06.11.2015 14:55

Россия-2018 чемпионаты: Австралия-Кыргызстан беттешин кореялык калыстар тейлейт

Turmush -  2018-жылы Россияда өтүүчү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раундунун 7-айлампасындагы Австралия менен Кыргызстандын беттеши 12-ноябрда Канберрада (Австралия) өтөт. Аны Түштүк Кореянын калыстар тобу тейлет.

КРнын футбол федерациясы билдиргендей, башкы калыс болуп Ким Санг Ву дайындалды. Каптал калыстары - Фнг Бьонг Юн менен Ким Йонг Ха. Резервдеги калыс ишин ФИФА калысы Ким Дайонг аткарат.

Калыстардын инспектору Субраманиям Салиражен (Малайзия), ал эми матчтын комиссары болуп Боралдо Мишель Джон (Гуама) дайындалды.

Мурдараак кореялык калыс ДЧ-2018дин тандоо раундунун эки матчын тейлеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×