Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 06.11.2015 13:35

Ошто 2 айдын ичинде 11 бала өпкөнүн сезгенүүсүнөн каза болду, - облустук оорукана

Turmush -  Ош облусунун аймагында ушул жылдын соңку 2 айында облус боюнча пневмония менен каза болгон балдардын саны 11ди түздү. Бул тууралуу облустар аралык балдар ооруканасынын директорунун орун басары Кутбидин Бекажиев билдирди.

«Күз айында абанын салкындыгына байланыштуу жаш курактагы балдар арасында өпкөнүн шамалдоосу көп кездешип жатат. Бир айлык наристеден баштап 15 жашка чейинки балдар өпкө шамалдоосуна кабылып, күнүнө ооруканага кайрылгандардын саны 50-60ды түзөт. Ушул жылдын октябрь жана ноябрь айларында 11 бала бул оорудан каза болду.

Оору бактериялык жана вирустук болгондуктан суук мезгилде күчөйт жана чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, оорулуу менен жакын мамиледе болгондо жугат.

Ооруу башталганда дене тап көтөрүлүп, баш ооруйт, жөтөлөт жана тамакка болгон табити начарлайт. Өз убагында дарыканага алып келбесе, оору өтүшүп башка органдарга таасирин тийгизет жана оорулуу кома абалына түшүп калат. Ошондуктан жаш курактагы балдарды эл көп жерлерде көпкө чейин алып жүрбөө керек. Оорунун белгилери билинсе ооруканага алып келүү зарыл. Өз алдынча дарылоого болбойт.

Ооруга жоопкерчиликсиз мамиле кылуу өлүмгө алып келет. Жакында Кара-Суудан 5 айлык бөбөктү оорусу өтүшүп кеткенде алып келишти, өпкө ириңдеп, бала комага түшүп калган. Учурда абалы жакшы», - деди К.Бекажиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×