Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 05.11.2015 12:10

Таласта 31 жаран гемодиализ аппараты менен дарыланат, - башкы дарыгер Ш.Жумашалиев

Turmush -  Талас облусунда 31 жаран гемодиализ аппараты менен дарыланып келүүдө. Бул тууралуу Талас облустук биргелешкен оорукананын башкы дарыгери Шаршенбек Жумашалиев билдирди.

Анын айтымында, Таласта бүгүнкү күндө 5 гемодиализ аппараттары иштөөдө. Жалпы 8 аппарат бар, 2 аппарат запаста, 1 аппарат бузук абалда, 5 аппарат иш алып барып жатат.

«Бизде бир гана суу тазалоочу аппарат бар, ал 5 гемодиализ аппаратын тазалоого жетишет. Эгерде 6 аппаратты тазаласа анын күчү келбей калат, ошон үчүн 5 гана аппаратты иштетебиз. Суу тазалоочу аппарат 1 гемодиализ аппаратын 1 саатта тазалайт, ошондо 5 саатта баарын тазалап чыгат. Таласта гемодиализ аппараттары 2011-жылдын 3-январынан тарта иштеп келет, бул аппараттан дарылануу үчүн бейтаптарды Саламаттыкты сактоо министрлигинен комиссиядан өтүп, жолдомосун көрсөткөн учурда гана кабыл алабыз», - дейт башкы дарыгер.

Ал белгилегендей, жогоруда айтылган бейтаптардын 24үн гана дарылоо үчүн өткөн жылы 13,5 млн сом керектелген. Ал эми жалпы Талас облустук биргелешкен ооруканага 1 жылда 14 миң жаран кайрылган, алардын дары-дармегине 14 млн сом керектелет.

«Гемодиализ аппараты менен дарылангандарга акча каражаты өтө көп талап кылынат», - деди Ш.Жумашалиев.

Дарыгер белгилегендей, бөйрөк биологиялык чыпкалоонун милдетин аткарат. Эгер бөйрөк өнөкөт оорудан же башка себептен, мисалы, кан жоготуудан улам иштебей калса, анда адамда зат алмашуу бузулат, уулар сыртка бөлүнүп чыкпай калып, денеге сиңе баштайт.

Электролиттердин керектүүсү да, ашыкчасы да калып калат. Мындай абалда адамдын бүт органдарына күч келет. Эгер оорулууну жасалма бөйрөк аппаратына (гемодиализ ыкмасы деп да аталат) салбаса аны өлүмгө алып келет. Аппарат адамдын бөйрөгүнүн милдетин аткарып, канды чыпкалап берет. Иштен чыгып калган бөйрөк соолуган алмадай болуп бүрүшүп калат. Ал кайра калыбына келбейт.

«Жасалма бөйрөк аппаратына туш келген адам өмүр бою ал аппарат менен жашап калат. Алар 1-топтогу майып болуп саналышат. Андыктан адамдар оорунун алдын алып, убак-убагы менен дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, ооруса дароо дарыланышы керек», - деп кошумчалады ал.

28

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×