Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 05.11.2015 11:36

Кара-Сууда кутурган ит тиштеген 3 жаштагы кыз 6 ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болот

Turmush -  Кара-Суу районунун Учар айылында кутурган ит тиштеген 3 жаштагы кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникасынын башкы дарыгери Абдисалим Анарбаев билдирди.

Анын айтымында, иттин тиши кыздын бетине 5-6 жолу кирген.

«Кыздын абалы азыр жакшы. Ал дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө турат. Жаңы ит талап ооруканага кайрылганда биринчи жардам менен кутурмага каршы эмделген. Азыркы учурда наристени апасы карап жатат. 3 айдан 6 айга чейин биздин көзөмөлүбүздө турат», - деди А.Анарбаев.

Окуя 1-ноябрда саат 11:00 чамасында Ош шаарынын чет жакасындагы Кара-Суу районуна караган Учар айылында болгон.

Оштогу көчөдөн кутурган ит бетин талап кеткен 3 жаштагы кыздын абалы орто, - дарыгер

Ош шаарынын 4 тургунун көчөдөн кутурма ит тиштеп кетти

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×