Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баракелде, Бишкек 05.11.2015 11:08

Саламаттыкты сактоо министрлиги менен USAID кургак учук көйгөйүн чагылдырган журналисттерди сыйлайт

Turmush -  Эртең, 6-ноябрда Бишкектеги Республикалык илимий-медициналык китепканада жалпыга маалымдоо каражаттарында кургак учук маселелерин чагылдыруу боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты болот. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынактык комиссиянын кароосуна 27 журналисттен 105 материал түшкөн, анын ичинде интернетте жана басма сөздөгү макалалар, аудио- жана видеосюжеттер бар. Материалдар Улуттук фтизиатрия борборунун, Бишкек шаардык кургак учук менен күрөшүү боюнча борборунун, оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл департаментинин, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана үй-бүлөлүк медайымдар ассоциациясынын, «Кургак учукту жеңебиз» USAID долбоорунун адистер тобу жана медиа-эксперттер тарабынан бааланды.

«Кургак учук Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы үчүн эң орчундуу маселелердин бири. Жыл сайын Кыргызстанда оорунун 6 миңге жакын жаңы учурлары катталат. Кургак учукту ийгиликтүү алдын алуу жана дарылоо үчүн калктын кургак учук маселелери боюнча кабардар болушу өтө маанилүү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×