Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 04.11.2015 15:59

Ош облусунда кант диабетинен жабыркагандардын саны өсүүдө, алардын ичинде 6 айлык наристе бар

Turmush -  Ош облусу боюнча кант диабети менен ооруган 18 жашка чейинки өспүрөмдөр көбүнчө эсин жоготкон абалда ооруканага кайрылышат. Бул тууралуу Ош облустук ооруканасынын эндокринология бөлүмүнүн башчысы Гүльнара Рысбекова Turmush басылмасынын кабрчысына билдирди.

Анын айтымында, кант диабетине чалдыккан жаш балдардын ата-энелери коомчулуктан жашырууга аракет кылышып, ооруканага убагында кайрылышпайт.

«Ош облусу боюнча кант диабети менен ооруган жарандардын саны жыл сайын өсүүдө. 2013-жылы кант диабети менен ооругандардын саны 4 миң 23 адам болсо, ушул жылы 6 миң 276 адам каттоодо турат. Бул жылы жаш балдар арасында да кант диабети күч алды. 2014-жылы 28 өспүрүм каттоого алынган, ал эми бул жылы көрсөткүч 34тү түздү. Көбүнчө өспүрүмдөр комага түшкөн абалда ооруканага жеткирилет. Учурда кант диабети менен ооруган 6 айлык бала каттоодо турат. Көбүнчө кант диабетине 40 жаштан жогорку жарандар кабылышат. 40 жаштан жогорку бейтаптардын саны 5991ди түзөт», - деди Г.Рысбекова.

Дарыгердин айтымында, ооруканага өз убагында кайрылбагандар көп. Найтыйжада ооруу оор абалга чейин өтүшүп кетет. «Кант диабети менен ооруган жарандар оорусун коомчулуктан жашырууга аракет кылышат. Оору өтүшүп кетип, көрүүсү начарлаганда ооруканага кайрылышат. Каттоого алынбай жүргөндөр да көп. Кант диабети менен ооругандар тамактанууга көңүл бөлүүсү керек. Шириндиктерди, курамында углевод көп болгон азыктарды аз колдонуп, дары-дармектерди өз убаганда ичүүсү кажет.

Биздин ооруканада атайын мектеп ачылган. Ал жерде кант диабети менен ооругандарга сабактар өтүлөт. Бир жылда 2 жолу 10 күндөн окутуу иштерин жүргүзөбүз», - деди Г.Рысбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×