Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 04.11.2015 13:19

2 жылдык миграциядан кийин 2 бөйрөгүнөн жабыркаган 23 жаштагы Өмүрзак кызы Турсун операция үчүн жардамга муктаж

Turmush -  Алай районунун 23 жаштагы тургуну Өмүрзак кызы Турсундун эки бөйрөгү иштебей, учурда Ош облустук ооруканасында гемодиализ аппаратында жатат. Бул тууралуу кыздын апасы Алтынай Болотбекова билдирди.

Анын айтымында, кызы бул ооруга кокусунан чалдыккан.

«Кызым 2 жыл Россияда мигрант болуп жүрдү. Мындан 9 ай мурун кокусунан ушул ооруга чалдыкты. Азыр эки бөйрөгү тең иштебей жатат. Атасы кызы үчүн бөйрөгүн берүүгө даяр. Бирок операция үчүн каражат жетишпей жатат. Түркияда операция жазалышы керек экен. Ага 25 миң АКШ доллары керек болуп жатат. Акчадан жардам берип жаткандар да бар. Бул боюнча жаңы шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарына да жардам сурап кайрылгам.

Боорукер адамдардан кызымдын өмүрү үчүн жардам сурайм», - деди А.Болотбекова.

Кыздын апасы Алтынай Болотбекованын байланыш телефону: 0773 31 72 97.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×