Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 04.11.2015 10:48

Быйыл Лейлек районунда бруцеллезду жуктургандар 2 эсеге азайды

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районунда 7 адам жана 7 бодо мал бруцеллезду жаңы жуктургандыгы аныкталды. Бул тууралуу Лейлек районунун ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Абдисалам Полотов билдирди.

Бүгүнкү күнгө чейин бруцеллез оорусун жок кылуу максатында айыл аймактарда ар тараптуу иш-чаралар жүргүзүлүп, жалпы 28 миң баш мал-жандыктар текшерүүдөн өткөн.

«Мындан мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылы Лейлек районунда бруцеллез оорусу 2 эсеге азайды», - деп кошумчалады А.Полотов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×