Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 03.11.2015 10:29

2014-жылы 49,5% боюнда бар аялдарда фондук патология аныкталды

Turmush -  2014-жылы 49,5% боюнда бар аялдарда фондук патология аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бишкекте кош бойлуу аялдарга акысыз жеңилдетилген дары каражаттар жөнүндө конференцияда айтылды.

Иш-чарада Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Инна Болотских билдиргендей, кош бойлуу аялдарда фондук патологиянын себептери болуп, кургак учук, инфекциялар, анемия, гипертензивдик бузулуулар, эклампсия, жүрөк-кан тамыр оорулары, заара бөлүп чыгаруучу системалар оорусу эсептелет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасына ылайык, 95% энелердин өлүмү меджардамга жетишсиздиктен улам болот, анын 41% жакырчылык себептен, ошондой эле 12% учурда кош бойлуу аялдар мигранттар болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×