Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.11.2015 15:18

Түптүн жаштары тубаса гемангиома оорусу менен ооруган 3 жашар Алимге жардам берүү үчүн спорттук мелдеш өткөрүштү (фото)

Turmush -  Түп районунда тубаса гемангиома оорусу менен ооруган 3 жашар Алимге жардам берүү максатында спорттук иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

3 жашар Алимдин апасы Айнура Сагалиева маалымдагандай, бала чоңойгон сайын анын оозундагы жарааты да чоңоюуда. Аны кан тамыр хирургдары жана пластикалык хирургдардын жардамы менен ылайыктуу ыкманы колдонуп алып салууга болот.

Түп айылынын жаштарынан түзүлгөн «Достор ынтымагы» тобу Жаштар банкы менен биргеликте кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Алгач Түп айылынын жаштары облустук деңгээлдеги футбол боюнча мелдеш өткөрүшкөн. Мелдешке облустан 9 команда катышып, 2 күнгө созулган оюндун байге фонду 200 миң сомду түзгөн.

Жаштар бул оюнду өткөрүү менен облус элин ынтымакка үндөп, кичинекей Алимге жардам көрсөтүүнү көздөшөт.

Облустагы Жаштар банкы 3 жыл мурун түзүлгөн. Облустун  аймагында аталган банктын 6 бөлүмү жайгашкан.Түп айылдык бөлүмү кичинекей Алим Кыясовго жардам берүү үчүн райондук маданият үйүндө концерттик программа жана кино тасма көрсөтүшүүдө.

Кичинекей Алимдин ата-энесинин айтымында, акча каражаты жетиштүү чогулуп калса, алар балага Москва шаарынан операция жасатып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×