Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 02.11.2015 14:49

Түркия Кыргызстанга 5 реанимобиль берет

Turmush -  Түркия Кыргызстанга медициналык тез жардамдын 5 унаасын берет, деп билдирди бүгүн, 2-ноябрда КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка таянсак, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаалар КР президенти Алмазбек Атамбаев менен ТИКА компаниясынын макулдашуусунун негизинде берилүүдө.

Эске салсак, августта Түркияда Кыргызстандын 15 медкызматкери атайын унааларды колдонуу ыкмаларын үйрөнүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×