Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баракелде, Бишкек 02.11.2015 14:31

Түркия Бишкекте клинико-диагностикалык борбор курат

Turmush -  Түркия Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканада клинико-диагностикалык борбор курат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, клиниканын долбоору даярдалып, жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылды. Жакынкы убакта ТИКА курулушту баштоону пландап жатат.

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Талантбек Батыралиевдин айтымында, Түркия ТИКА линиясы боюнча Кыргызстанга дайыма жардам берип келет.

«Биз бир туугандык колдоого ыраазыбыз. Саламаттыкты сактоо министри Мехмету Муезиноглу менен ТИКАнын президенти, доктор Сердар Чамга ыраазычылык билдирем», - деди Батыралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×