Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуКочкор району 02.11.2015 12:34

Ушул жылдын өткөн 9 ай аралыгында Кочкордо кош бойлуу энелердин өлүмү катталган жок

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор району боюнча ушул жылдын өткөн 9 ай аралыгында эненин өлүмү катталган жок, деп билдирет Кочкор райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Медет Жумаев Turmush басылмасынын кабарчысына.

Берилген маалыматка ылайык, өткөн жылдын 9 ай ичинде 1 кош бойлуу аялдын өлүмү катталган.

«Ал эми ымыркайлардын чарчап калуусу былтыркы жылга салыштырмалуу 1 учурга аз катталды. Ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу үчүн үй-бүлөлүк медицина борбору толук кандуу иш алып барып жатат. Бирок, айрым ата-эненин кайдыгерлиги, тамак-ашты тиешелүү түрдө ичпегендиги, дарыгерлер берген кеңешти укпай койгондугу эне менен баланын өлүмүнө себепкер болууда. Азыркы тапта биздин борбор ар бир райондо жайгашкан ФАПтарда атайы кош бойлуулар үчүн сабактар, тренингдерди өткөрүп турабыз. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу кош бойлуулардын төрөтү, ымыркайлардын абалы жакшы болуп калды», - деди М.Жумаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×