Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 23.01.2014 13:50

Каракол шаарынын мэри Р.Калыгуловго карата кылмыш иши козголду

Turmush -  Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарбынан Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгуловго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-январда АКИpress агенттигине аталган облустун прокуратурасы тастыктады

Маалыматтарга таянсак, Р.Калыгулов «Нур» ЖЧКнын директору болуп турганда, мүлк камакта турганына карабастан, тегирмен жана анын жабдыктары түрүндөгү камактагы күрөө мүлктөрдү А.Майрыковго мыйзамсыз берип салган.

Анын кесепетинен Социалдык фонд 3 млн 952 миң 904 сом зыян тарткан.

Факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси жана 335-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×