Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.10.2015 16:27

Медтактама саткан №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун медайымы кызматтан алынды

Turmush -  21-октябрда №13 үй-бүлөлүк медицина борборунда медайым Ж.Айгүл тарабынан №86 формасындагы медициналык тактама сатылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Саламаттыкты сактоо департаменти билдирди.

Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, комиссия башкы медайым Ж.Айгүлдү ээлеген кызматынан бошотууну сунуштады.

Аталган медборбордун жетекчисинин 26-октябрдагы буйругу менен медайым кызматынан алынды. Саламаттыкты сактоо департаменти №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси А.Ибраимовго мындай көрүнүштөргө карата чара көрүүнү эскертти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×